Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: бардык депутаттарга тегиз кароого сөз берем

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТөрага болуп шайланган депутат Дастан Жумабеков
Төрага болуп шайланган депутат Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага болуп шайланган депутат Дастан Жумабековго 80 депутат ишеним артты
Жумабеков: бардык депутаттарга тегиз кароого сөз берем

Бардык фракцияларга тегиз карай тургандыгын жаңыдан төрага болуп шайланган Дастан Жумабеков ишке киришип жатып билдирди.

Эске сала кетсек, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков бүгүн, 25-октябрда, парламенттин төрагасы болуп шайланды.

"Мага ишеним артып төрага кылып шайлаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мен мамлекет үчүн таза иштеп бергенге, баарыңыздарга тегиз кароого сөз берем", — деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, жалпы жонунан 120 бюллетень даярдалып, үчөө керектен чыгарылган. Эл өкүлдөрүнүн 80и Дастан Жумабековго, ал эми 32си "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы тарабынан сунушталган Исхак Масалиевге добуш берген. Беш депутат эки талапкерге тең каршылыгын билдирген. Добуш берүүгө 117 депутат катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0