01:06 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Атамбаев: учурда каражат жана маалымат согушу күч алып турат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Өлкө президенти региондорду кыдырып жүргөн үч күн ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга дагы көз салып турганын билдирди

Учурда маалымат жана каражат согушу күч алып жатканын өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтты.

"Кыргыз армиясы күчтүү жана коркунучка тиешелүү түрдө жооп бере алат. Бирок учурда каражат жана маалымат согушу болуп жаткандыктан, эгемендүүлүктү аскер менен эмес, акыл менен сактоо керек", — деди президент.

Ошоной эле Атамбаев кыргыз эли үчүн жашоодон дагы намыс бийик турарын айтып, үч миң жылдык тарыхында эл башынан бир топ сыноолорду татыктуу кечиргенин кошумчулады.

Тема боюнча

Атамбаев: кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп калбайт! Видео
Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу оюн билдирди
Белгилер:
чек ара, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ