Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманакун уулу: Бишкекте мыйзамсыз делген үч миң объектиге чара колдонулду

© Sputnik / Сандыбаев ДаниярДиректор Управления землепользования и строительства Талант Иманакун уулу
Директор Управления землепользования и строительства Талант Иманакун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу Бишкек шаары 18 бөлүккө бөлүнүп, ар бир аймакка экиден инспектор дайындалгандыгын айтты.
Иманакун уулу: Бишкекте мыйзамсыз делген үч миң объектиге чара колдонулду

Мыйзамсыз делген үч миң объектиге карата чара колдонулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары 18 бөлүккө бөлүнүп, ар бир аймакка экиден инспектор дайындалган. Алар мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлгө алышат.

"Мэрдин атайын буйругу менен мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу жана мыйзамдуулукту орнотуу боюнча штаб түзүлгөн. Жыл башынан бери үч миңге жакын объектиге карата чара колдонулду. Буларга жеңил типтеги күркөлөр, жарнамалык конструкциялар, үйлөр жана времянкалар кирет", — деди Иманакун уулу.

Ал штаб түзүлгөндөн тарта шаардагы мыйзамсыз курулуштар тизмектелип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0