02:41 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Мушкер Ариет Бекишев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ариет Бекишев: спортчулар шамал болсо эле ооруп калат деген чын

Радио
Кыскача шилтеме алуу
43 0 0

Мушкер Ариет Бекишев жиу-житсу боюнча Түркмөнстандын борбор калаасында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында коло байгесинин ээси.

Мындан тышкары, ал бир жума мурда дагы WEF Global-9 турниринде казакстандык атаандашы Рустам Сайдуллаевди жеңип, аталган турнирдин чемпиону аталган.

Спорттун грэпплинг, самбо, эрежесиз мушташ түрү боюнча чебер Бекишев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине менен берген маекте спортчу болуу кыйын экендигин белгилеп өттү.

"Дос балдарым "сени менен кошо залга барам" дей беришет. Бирок өтөсүнө чыккан бир дагы бала боло элек. Залга ашып кетсе бир ай чыдайт. Алдыда бийик максат болбогондон кийин спортун ысыгына күйүп, суугуна тоңуу кыйын эле. Күндө машыккан сайын тер чыга берип, денедеги тешикчелер ачылып калат экен. Шамал болсо ооруп калганыбыз ошондон болсо керек. Анан да камыр, майлуу тамактарды жей берсең салмагың өсүп кетет. Беттешке чукул салмак кууганда такыр эле тамак ичпей каласың" — деди мушкер.

Бекишев спорт сүйүүчүлөр арасында "Карышкыр" каймана аты менен таанымал.

Рингдеги көк жал мүнөзү менен айырмаланган спортчунун маегин Sputnik маалымат агенттигинен окуй аласыздар>>

Тема боюнча

Киргизбаев: 5 метрлик питон массажды жакшы көрөт
"Карышкыр" Бекишев: спортчулар деле бейтааныш адамдан, караңгы жерден коркот
Белгилер:
ден соолук, мушкер, Спорт, Ариет Бекишев

ЭҢ МААНИЛҮҮ