14:58 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Сулайманов: Кубанычбек мырза, 6 жылда 6 чоң кызмат алмаштыруунун сыры эмнеде?

Радио
Кыскача шилтеме алуу
220 0 0

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кубанычбек Кулматовдун сырын башкалар да үйрөнүшү керек деген ойдо

Депутат Алтынбек Сулайманов Улуттук банктын төрагасы болуп шайланган Кубанычбек Кулматовго суроо берип жатып анын ийгилик сырына кызыкты.

Белгилей кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү Кулматовдун талапкерлигин карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берди.

Талкуу учурунда "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кулматовдун акыркы алты жыл ичинде майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап келгенине токтолду.

"Акыркы алты жылды алсак сиз жалаң гана майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап келдиңиз. Бажы кызматы, Чүй облусунун губернатору, Бишкек мэриясы, президенттин кеңешчиси, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, эми Улуттук банк. Ийгилик сыры эмнеде? Башкалар да билип алсын", — деди Сулайманов.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Кулматов сырдын баары мээнетте экенин айтып, жакшылап иштөө керек экенин кошумчалады.

"Иштеш керек. Сыры ошондо. Кайсыл гана жумушка барбайын жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жаттым", — деди Кулматов.

Ал эми Сулайманов талапкердин сөзүнө кошулбастыгын, мурда иштеген жерлеринде өнүгүү байкалбаганын айтты.

Тема боюнча

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин колдоду
Белгилер:
Алтынбек Сулайманов, Кубанычбек Кулматов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ