Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: "Кумтөрдү" иштетүүдө биринчи кезекте экология меселесин чечебиз

Жазылуу
Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгүн мындан ары да улантууга кызыкдар.
Исаков: "Кумтөрдү" иштетүүдө биринчи кезекте экология меселесин чечебиз

"Кумтөр" кени дагы 8-10 жылдан кийин жабылат. Бирок кыргыз өкмөтү андан ары да ишмердүүлүгүн улантууга кызыкдар. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди.

Өкмөт башчы "Кумтөрдүн" кийинки келечеги үчүн биринчи кезекте экологиялык маселелерди чечип алуу керектигин баса белгиледи.

"Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз тарап менен биргеликте геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө болжол менен 10 миллион доллар бөлө тургандыгын сүйлөштүк. Бул маселе боюнча өзүнчө келишимге кол коюлат. Белгилей кетсем, учурда уулуу калдыктар сакталган жайда 80 тоннадай, жер алдынан казып алынчу 200 тонна алтын бар. Аларды азыр казып алуу мүмкүн эмес. Себеби заманбап технологиялар талап кылынат. Ошон үчүн азыр экологиялык маселелерди чечип алышыбыз керек", — деди Исаков.

Учурда "Кумтөр" кенинде 3,5 миң адам эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0