21:55 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба ДУМК КР

Атабаев: Мьянмадагы көз жумган мусулмандарга багышталып куран окулду

Радио
Кыскача шилтеме алуу
44 0 0

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин айтымында, демилге муфтий Максат ажы Токтомушевдин тапшырмасы менен ишке ашты

Кыргызстандын мечиттеринде Мьянмадагы көз жумган мусулмандарга багышталып куран окулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү бардык мечиттерде дуба кылынган.

"Бүгүн, 8-сентябрь улуу жума күнүндө өлкө аймагындагы бардык мечиттерде муфтий Максат ажы Токтомушевдин тапшырмасы менен Мьянмадагы көз жумган мусулмандарга багышталып куран окулду. Мындан сырткары, аталган өлкөдө тынчтыктын орношу жана жаракат алгандардын батыраак сакайып кетиши тиленип дуба кылынды", — деди Атабаев.

Эскерте кетсек, муфтият Мьянмадагы абал боюнча кайрылуу жасап, КР бийлигинен аталган мамлекеттеги мусулмандардын укугун коргоо боюнча талаптарга түшүнүү менен мамиле жасоосун өтүнгөн. Мындан тышкары, кырдаалдан улам Кыргызстандын аймагында чыр-чатактын алдын алуу максатында тийиштүү чараларды көрүүгө чакырган.

Мьянманын Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет. Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерлерийлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.

Тема боюнча

Кыргызстандын муфтияты Мьянмадагы абал боюнча өз кайрылуусун жарыялады
Мьянма тууралуу эмне билебиз? 10 факты
ЖМК: Мьянманын бийлиги Бангладеш менен болгон чек арасына мина коюуда
Белгилер:
муфтият, Максат Атабаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ