Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сааданбеков: мектептерде жетишпеген 300дөй китеп интернетке чыгарылды

© Рыбников Игорь"Ачык билим" коалициясынын төрагасы Чоробек Сааданбеков
Ачык билим коалициясынын төрагасы Чоробек Сааданбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар мектепте жетишпеген китептерди планшет же смартфонго акысыз көчүрүп ала алат
Сааданбеков: мектептерде жетишпеген 300дөй китеп интернетке чыгарылды

Мектептерде жетишпеген китептер bizdin.kg жана lib.kg сайттарына жарыяланып, акысыз көчүрүүгө коюлганын "Ачык билим" коалициясынын төрагасы Чоробек Сааданбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз, орус жана өзбек тилдериндеги 300дөй окуу китеби жарыяланды.

"Бул иш бир нече жыл мурун башталып, бирок ар кандай тоскоолдуктардан улам өтөсүнө чыкпай келген. Мисалы, мурда Билим берүү министрлиги чыгарган китептерди интернетке чыгарууга уруксат жок болчу. Элвира Сариева министр кезинде ага сунуш киргизип, "эгер мамлекеттин акчасы китеп чыгарганга жетишпей жатса, китептерди интернетке жарыялайлы. Балдарга дагы, мамлекеттин бюджетине дагы жеңил болот" дегенбиз. Бул маселени ал чечип бергенден кийин кайсы китептерди чыгарууга болорун тактоого эле бир жылдан ашуун убакыт кетти", — деди Сааданбеков.

Окуучулар каалаган китебин акысыз жана эч тоскоолдуксуз көчүрүп алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0