Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Хулхачиева: Москвада кыргыз тилин үйрөтүп жатканыма сыймыктанам

© Sputnik / Лев РыжковЦентр кыргызского языка в Московском государственном лингвистическом университете
Центр кыргызского языка в Московском государственном лингвистическом университете - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва мамлекеттик лингвистикалык университетиндеги Кыргыз тили жана маданияты борборунун жетекчиси Жеңишгүл Хулхачиева аталган окуу жайда кыргыз тили расмий окутулуп жатканын айтты.
Хулхачиева: Москвада кыргыз тилин үйрөтүп жатканыма сыймыктанам

Москвада кыргыз тилин үйрөтүп жатканы үчүн сыймыктанарын Москва мамлекеттик лингвистикалык университетиндеги Кыргыз тили жана маданияты борборунун жетекчиси Жеңишгүл Хулхачиева билдирди.

Анын айтымында, борбордо кыргыз тили боюнча сабак берилип келет.

"Кыргыз тилин Россияда окутуп, жайылтуу мен үчүн сыймык. Баамымда кыргыздын маданияты башка өлкөдө таанылып жатканы жакшы көрүнүш. Учурда Кыргыз тили окуу жайда расмий түрдө окутулуп жатат. Мындан сырткары, Москвада китептер чыгарылууда", — деди Хулхачиева.

Ал аталган окуу жайда кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн кызматташууга дайым даяр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0