Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маратов: казактар менен айтышчу сегиз ак таңдай тандалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын эл артисти, белгилүү төкмө акын Туугандай Абдиевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын эл артисти, белгилүү төкмө акын Туугандай Абдиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов тандоо туруна 45 акын келгенин айтты
Маратов: казактар менен айтышчу сегиз ак таңдай танталды

Кыргызстандын эл артисти, белгилүү төкмө акын Туугандай Абдиевдин 80 жылдыгына жана өлкө эгемендүүлүгүнө карата уюштурулчу айтышта казактар менен кездешчү мыктылар тандалды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айытштын байге фонду 2 миллион сомду түзөт.

"20-август күнү XI эл аралык айтыштын тандоо түрү болуп, андан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтпаев, Жылдызбек Төрөканов, Изат Айдаркулова, Болот Назаров, Кадырбек Бейшенов жана Асылбек Маратовдор өттүк. Жалпысынан тандоо туруна 45 акын катышты", — деди Маратов.

Айтыш 30-31-август күндөрү улуттук филармониянын чоң залында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0