Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алымкулов: кимге кайрыларыбызды да билбей калдык

© Фото / Нурзада МукашеваЖитель села Усубалиев Канатбек Алымкулов
Житель села Усубалиев Канатбек Алымкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар суудан улам жолдор бузулуп жатканын айтышты
Алымкулов: кимге кайрыларыбызды да билбей калдык

Жер алдынан чыккан суу үйлөрүбүзгө кирип таптакыр болбой калганда өзүбүз арык казууга аргасыз болдук. Жардам сурап кимге кайрыларыбызды да билбей калдык. Бул тууралуу көйгөйгө кабылган Кочкор районунун Усубалиев атындагы айылдын тургуну Канатбек Алымкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, суу буга чейин да чыгып келген, бирок көлөмү мынчалык масштабдуу эмес болчу.

"Айыл башчы келип, кырдаалды көрүп жардам болорун айткан. Акимге барсак эмгек өргүүсүндө экен. ӨКМдин бөлүгү "биз мындайды карабайбыз" деп коюшту. Азыр кимге кайрыларыбызды билбей калдык. Үйлөрдү сууп каптап такыр болбой калганда өзүбүз аракет көрө баштадык", — деди Алымкулов.

Учурда суудан улам жолдор бузулуп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0