Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошева: режиссер балдар Кореяда кыска метраждуу эки тасма тартышты

© Фото / Дастан Жапар уулуПродюсер Ника Жолдошева
Продюсер Ника Жолдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык режиссер балдар Батыркан Ильясов менен Тимур Искаков Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы BIKY кинофестивалынын алкагында уюштурулган эл аралык кинолагерге катышып келишти.
Жолдошева: режиссер балдар Кореяда кыска метраждуу эки тасма тартышты

Жаш режиссерлор кинолагердин алкагында кыска метраждуу эки тасма тартып келишкендиги тууралуу продюсер Ника Жолдошева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Аталган иш-чарага чакыруу бизге жазында келген. Эки адам жибергиле дегенинен оюмда дароо эле "Карек" балдар жана жаштар кинофестивалынын жеңүүчүлөрү жана "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалынын катышуучулары Батыркан Ильясов менен Тимур Искаков келген. Экөө барып, кино тармагында кандай өнөрлөрү бар экенин көрсөтүп, чет элдик кесиптештеринен дагы тажрыйба алып кайтышты", — деди Жолдошева.

Анын айтымында, эмдиги жылкы фестивалга дагы жаш режиссерлордун катышуусу боюнча макулдашуулар болду.

BIKY — 2005-жылы негизделип, 18 жашка чейинки режиссерлорду окутууга жана аларга дүйнө менен тасма аркылуу байланышка багыт берүүгө басым жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0