Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдарбекова: Пионер жана Комсомол көлдөрү тазаланып, кум себилди

© Фото / Улукбек ШамбетовБишкек шаардык мэриясынын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекованын архивдик сүрөтү
Бишкек шаардык мэриясынын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова аталган көлдөр тазалангандыгын билдирди.
Айдарбекова: Пионер жана Комсомол көлдөрү тазаланып, кум себилди

Анын айтымында, "Зеленстрой" сууга түшүү маалын ачууга даярдык көрүп, суунун жака-белиндеги чөптөрдү чаап, отургучтарды, таштанды челектерди, көлөкөлөгөн жайларды оңдоп-түзөгөн.

"Көл жээгине 680 тонна кум себилген. Ал эми балыр жана суу алдындагы чөптөрдү жок кылуу үчүн 11 тонна техникалык туз жана 2 тонна хлорлонгон акиташ төгүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Тартип бузуулардын жана сууга чөгүп кетүүлөрдүн алдын алуу үчүн Кара-Жыгач сейил багында эртең мененки саат 8:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин тартип коргоо кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп турат.

Ошондой эле түшкү саат 12:00дөн кечки саат 21:00гө чейин ӨКМ куткаруучулары иштеп, октябрь айына чейин ошол жерде болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0