Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Солтобеков: өлкө боюнча жарым миллион гектар жер жараксыз болуп саналат

© Sputnik / Табылды КадырбековЛАРК уюмунун юристи Талант Солтобеков
ЛАРК уюмунун юристи Талант Солтобеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЛАРК уюмунун юристи Талант Солтобеков учурда аталган жерлерди иштетүүнүн жаңы ыкмалары пайда болгонун белгиледи.
Солтобеков: өлкө боюнча жарым миллион гектар жер жараксыз болуп саналат

Өлкө боюнча жарым миллион гектар жер жараксыз болуп саналат. Бул тууралуу ЛАРК уюмунун юристи Талант Солтобеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган жерлерди жеке менчикке берүүнү камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жарым миллион гектар жер жараксыз, асылдуулугу төмөн жер болуп саналат. Жараксыз жер деген кайракы, таштак, чөп өспөгөн жерлер. Учурда ушул жерлерди иштетүүгө бөгөт коюлган. Андыктан биз аталган жерлерди иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун иштеп чыктык", — деди Солтобеков.

Ал демилге ишке ашса карапайым калкка жакшы болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0