Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: табылган 10 жашар кыз буга чейин да үйүнөн качкан

© Sputnik / Исмаил МамытовПредставитель пресс-службы Ошского областного ГУВД Замир Сыдыков
Представитель пресс-службы Ошского областного ГУВД Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-июль күнү дайынсыз жоголгон 10 жашар Камила Нургазиева эки күн ар кимдикинде түнөп жүргөн.
Сыдыков: табылган 10 жашар кыз буга чейин да үйүнөн качкан

Жоголуп табылган 10 жашар Камила Нургазиева үч жыл мурда да үйүнөн качкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Ош ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, бул сапар кыз апасы менен Алай районунун Корул айылынан Ош шаарына конокко келип, ошол боюнча дайынсыз жоголгон.

"Бул жолу кыз атайын качканбы же адашып кеткенби, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анткени тестиер ар кандай көрсөтмөлөрдү берип жатат. Биринчи күнү ал официант кыздын үйүнө түнөп, эртеси башка эле бир аялды ээрчип анын үйүнө барып жатыптыр. Кыздын апасына дал ошол аял маалымдаган экен", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле өспүрүм кыз жети жашында дагы үйүнөн качкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0