Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Борченов: Бишкекте той алып баруучуларынын алгачкы форуму өтөт

© Фото / Сергей ПанинИнтервью с теле и радио ведущим Урматом Борченовым
Интервью с теле и радио ведущим Урматом Борченовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумга алып баруучулук өнөргө жаңыдан аралашып кете жаткан жаштар жана чыгармачылык кризиске учурап жүргөн тамадалар катыша алат.
Борченов: Бишкекте той алып баруучуларынын алгачкы форуму өтөт

Бишкекте той алып баруучуларынын алгачкы "Упай" форуму өтөрүн уюштуруучулардын бири Урмат Борченов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Мыкты алып баруучулар үйрөнчүктөргө мастер-класстарды өтө турган бул иш-чара 10-июль күнү болмокчу.

"Мындан тышкары, жаш алып баруучулар сынактарга катышып, өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрө алат. Чыгармачылык команда атайын оюндар программасын даярдап койду. Форумдун максаты — алып баруучулардын, тамадалардын башын бириктирүү. Мындан тышкары, элге кызыктуу, жаңы форматта иш алып барууну көздөп турабыз", — деди Борченов.

Маалыматка караганда, форумга алып баруучулук өнөргө жаңыдан аралашып келе жаткан жаштар жана чыгармачылык кризиске учурап жүргөн тамадалар катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0