Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: КР мигранттары көп барган шаарларга юридикалык кеңселерди ачуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков юридикалык жактан жардам бере турган кеңселерди мамлекет каржылашы керек экенине токтолду.
Жумабеков: КР мигранттары көп барган шаарларга юридикалык кеңселерди ачуу керек

Мигранттар көп барган шаарларга юридикалык кеңселерди ачуу керек. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, юридикалык жактан жардам бере турган кеңселерди мамлекет каржылашы керек.

"Мигранттарыбыз көп барган чоң-чоң шаарларга юридикалык жардамдарды бере турган кеңселерди ачышыбыз керек. Аларды өлкө каржыласын. Анткени биздин жарандар юридикалык жардамга муктаж", — деди Жумабеков.

Ал Россия жана Казакстан өлкөлөрү менен гана чектелбей, АКШ, Европа өлкөлөрүндө да мигранттар үчүн шарт түзүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0