Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекешев: мугалимдердин пенсиясын эки эсе көбөйтөлү деп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн бир миллиард сом керек экенин баса белгиледи.
Бекешев: мугалимдердин пенсиясын эки эсе көбөйтөлү деп жатабыз

Мугалимдердин пенсиясы эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, демилгени ишке ашыруу үчүн бир миллиард сом керек.

"Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетине мыйзам долбоорун алып чыктык. Ага ылайык, 20 жылдык тажрыйбасы менен пенсияга чыккан мугалимдин пенсиясы эки эсе, 25 жыл иштегендердики 2,5 эсеге көбөйөт", — деди Бекешев.

Эл өкүлү аталган демилге комитеттен колдоо тапкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0