10:57 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жамалдинов: акылдуу эсептегичтерди алгандан көрө айыл жергесине шарт түзөлү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
3310

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов айыл жергесинде электр зымдары тартылган түркүктөр чирип жатканын баса белгиледи.

Акылдуу эсептегичтерди алуудан мурун айыл жергесине шарт түзүү керек. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

"Акылдуу эсептегичтер сатып алынып, шаарда көмөк чордондор орнотулууда. Ал эми айыл жергеси эмне болот? Анткени айылдарда электр зымдары тартылган түркүктөр чирип, көмөк чордон жетишпей жатат. Акылдуу эсептегичтерди алгандан көрө айыл жергесине шарт түзбөйлүбү", — деди Жамалдинов.

Эл өкүлү насыяны максаттуу алуу керек экендигин да кошумчалады.

Тема боюнча

Артыкбаев: энергетика системасына жеке менчикти киргизүү керек
Белгилер:
эсептегич, айыл, Зиядин Жамалдинов

ЭҢ МААНИЛҮҮ