14:48 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Пресс-секретарь полпредства правительства в городе Ош Мидин Сулайманкулов
© Фото / Зульфия Тургунова

Сулайманкулов: Өзгөндө үй жайсыз калгандарга жер тилкеси бериле баштады

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Өзгөндөгү жер көчкү (14)
12122

Учурда Курбу-Таш участогундагы 67 үй-бүлөгө сегиз сотых жер бөлүнүп, аларга чатыр тигилип берилди.

Өзгөндө жазында болгон жер көчкүдөн улам үй-жайсыз калган жарандарга жер тилкеси бөлүнүп бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, азыр 67 үй-бүлөнүн ар бирине сегиз сотыхтан жер бөлүнүп берилди.

"Жер көчкүдөн жабыркаган тургундарга Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады. Алгачкылардан болуп Курбу-Таш участогундагы 67 үй-бүлөгө сегиз сотыхтан жер бөлүнүп, аларга чатыр тигилип берилди", — деди Сулайманкулов.

Андан сырткары, ал үй-жайсыз калгандарды таза суу, жол жана электр энергиясы менен камсыздоо аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жакынкы аралыкта Аюу-Сай, Ничке-Сай айылынын тургундары Төрт-Көл айыл аймагына көчүрүлмөкчү.

Тема:
Өзгөндөгү жер көчкү (14)

Тема боюнча

Бишкек мэриясы Ак-Өргөдөгү 13 жер тилкесин өз карамагына кайтарды
Өзгөндө жер көчкүдөн улам үйүнөн ажырагандарга 219 гектар жер тилке бөлүнөт
Өзгөн: жер көчкүдөн жабыркагандарга жер тилкеси бөлүнүп берилүүдө
Белгилер:
жер тилкелери, Жер көчкү, Өзгөн

ЭҢ МААНИЛҮҮ