Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тажиев: маскарапоз болуш үчүн көкүрөктө жаш бала жашаш керек

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаНародный артист КР Кадырбек Тажиев
Народный артист КР Кадырбек Тажиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиев маскоропоз болуу үчүн көкүрөктө кичинекей бала жашашы керектигин айтат.
Тажиев: маскарапозчулук — бул жашоо

Ал 70 жашка чыгып калса да жасаган ишинен ырахат аларын баса белгиледи.

"Кичинекей балдарды алдай албайсың. Адамга кызыл-тазыл кийим кийгизип, мурун жасап, манежге чыгарып маскарапоз кылып коюу оңой. Азыр көпчүлүгү ошентип жүрүшөт. Бирок элдин кабыл алуусу түрдүү болот. Элди күлдүрүп, маскарапоз болуш үчүн көкүрөктө жаш бала жашаш керек", — деди ал.

Тажиев ошондой эле 52 жылдан бери циркте иштеп келе жатканын айтып, манежге чыкканда элдин кол чабуусунан, балдардын түртүп, кийимден тарткылап, коркпой алар менен ойногону ар бир маскарапоз үчүн ырахат экенин билдирди.

Кадырбек Тажиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0