05:38 17 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487

Усупбеков: Бишкекте тигүүчү, мугалим, дарыгер жана ашпозчулар тартыш

Радио
Кыскача шилтеме алуу
15510

Борбор калаада ушу тапта 2500дөй бош жумуш орун бар.

Усупбеков: Бишкекте тигүүчү, мугалим, дарыгер жана ашпозчулар тартыш

Бишкек шаарындагы ишканалар менен мамлекеттик мекемелер 200 мугалим, 130 дарыгер, 900дөн ашык тигүүчүлөргө муктаж. Андан сырткары, 150дөн ашык официант, бармен, соодагерлерге жумуш орундары бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада жеңил өнөр жай, медицина, билим берүү тармактарынын адистерине суроо-талап күчтүү болууда.

"Суроо-талап күч болуп жаткан кесиптердин рейтингин жумуш орундарын сунуштаган ишкана, мекемелердин кайрылуусунун негизинде аныктайбыз. Азыр Бишкек шаары боюнча өндүрүшкө тигүүчү, ашпозчу, автослесарь, айдоочуларга суроо-талап күчтүү. Ал эми медицина, билим берүү тармактары мугалим, дарыгерлерге муктаж", — деди Усупбеков.

Ал ошондой эле бул рейтингдин негизинде башкармалык абитуриенттердин кесип тандоосуна көмөктөшүү максатында атайын иш-чараларды өткөрөрүн кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шарында азыр 2500дөй бош жумуш орун бар.

Тема боюнча

Кыргызстанда аз айлык ала баштаган кесип ээлери. Тизме
Белгилер:
суроо-талап, кесип, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ