06:17 27 Кулжа 2017
Түз эфир
Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов маек учурунда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Шыкмаматов: биригүүнүн чыры сен кыйын, мен кыйындан башталат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
15810

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов оппозиция президенттик шайлоодо биригиши керектигин белгиледи.

Биригүүнүн чыры сен кыйын, мен кыйындан башталат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү жаштар саясатта активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

"Менин жеке баамымда акыркы жылдары жаштар бүт тармакта активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы ажолукка аттангандар деле жаштар. Бирок биригүүгө келгенде чыр сен кыйын, мен кыйындан башталат", — деди Шыкмаматов.

Эл өкүлү оппозиция президенттик шайлоодо биригиши керектигин баса белгиледи.

Тема боюнча

Шыкмаматов: Сооронбай Жээнбековдон кызматын тапшыруусун талап кылабыз
Белгилер:
оппозиция, Алмамбет Шыкмаматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ