06:19 27 Кулжа 2017
Түз эфир
Баткен районунун Достук айылынын тургу Абдыразак Бостонов
© Sputnik / Улан Маккамбаев

Бостонов: чек араны аныктап турган өрүк бактары куурап калышы мүмкүн

Радио
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Суу тартыштыгынан куурап калуу коркунучунда турган өрүк бактары чек арада жайгашкан.

Тажикстандын Исфара району менен чектешкен Баткен районунун Достук айылындагы Көк-Сай участкасында суунун тартыштыгынан улам өрүк бактары куурап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Абдыразак Бостонов билдирди.

Анын айтымында, мурда айылга сугат суу Тажикстан аркылуу келип турган.

"Жер тартыш болгондуктан тажик тарап арыктарды бөгөп, суу өткөрбөй коюшту. Эми бул жерге электр чубалгыларын тартып келип, насостук станция куруп суудан көз карандысыз болушубуз керек. Анткени ушул бактар биздин чек араны аныктап турат. Буларды сактап калсак чек арабыз дагы да бекемделмек", — деди Бостонов.

Достук айылында 100 кожолукка жакын эл жашайт, айылда суу көйгөйү курч. Эл Тажикстан менен соода-сатык кылып жан бакса, жумушка жарамдуу жаштардын көбү чет өлкөлөргө иштеп кеткен.

Тема боюнча

Бердигулов: Талды-Суудагы маданият үйү 12 жылдан бери иштебей келет
Баткен: суу тартыштыгынан чек арадагы өрүк бактары куурап чоң көйгөйгө айланууда
Белгилер:
чек ара, бак-дарак, Баткен облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ