12:02 24 Бугу 2017
Түз эфир
Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүровдун архивдик сүрөтү
© Sputnik / Максат Элебесов

Өмүров: жер алдындагы өтмөктөгү соода орундарды ишкерлер өз ара бөлүшмөй болду

Радио
Кыскача шилтеме алуу
23 0 0

Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси мэрия соода орундарын бөлүштүрүүгө катышпай тургандыгын баса белгиледи.

Жер алдындагы өтмөктөгү соода орундарды ишкерлер өз ара бөлүшөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүров билдирди.

Эске сала кетсек, мэрия Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан өтмөктөрдү ремонттон өткөрүү чечимин кабыл алган.

"Мэрия жер алдындагы өтмөктөрдүн соода орундарына аралашпайбыз деп чечтик. Соодагерлер уюм түзүп, орундарын өз ара чечишип алмай болду. Биз болгону соода аянтчасын гана түзүп беребиз", — деди Өмүров.

Ал буга чейин ишкерлер соода кылуу үчүн 370 чарчы метрди алып келген болсо, эми 230 чарчы метрге чейин кыскарарын кошумчалады.

Оңдоо иштеринен кийин жер алдындагы өтмөктөр кандай болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Тема боюнча

Филармониянын жанындагы өтмөктүн ремонттон кийинки көрүнүшү. Эскиздер
Жер алдындагы өтмөктөр оңдолгондон кийин соодагерлердин ишине тыюу салынбайт
Белгилер:
өтмөк, ремонт, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ