Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: кыргыз-өзбек чек арасынын 1055 чакырымы такталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы калган аймактар боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын белгиледи.
Жээнбеков: кыргыз-өзбек чек арасынын 1055 чакырымы такталды

Өзбекстан менен чек аранын 1055 чакырымы такталды. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков парламентте жылдык отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, калган аймактар боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.

"Өткөн жылы чек араларды делимитациялоо, демаркациялоо боюнча кошуналар менен сүйлөшүүлөр болуп, кыргыз-өзбек чек арасындагы 1379 чакырым такталбаган жердин 1055 чакырымы такталды. Ал эми Тажикстан менен 970 чакырым такталбаган жердин 519 чакырымы аныкталды", — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы Казакстан тарап менен чек ара маселеси толук кандуу чечилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0