22:59 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бокоев: ЖКда добуш берүү системасын манжа издери аркылуу иштегендей кылуу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
1601

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев маселени чип менен чечүүдөн майнап чыкпагандыгын белгиледи.

Жогорку Кеңеште добуш берүү системасын манжа издери аркылуу иштей турган кылуу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

Анан ыйтымында, маселени чип менен чечүүдөн майнап чыккан жок.

"Бешинчи чакырылыштын аягында добуш берүүдө чипти ойлоп тапкан элек. Бирок андан майнап чыккан жок. Депутаттар чиптерин таштап коюп эле, ишеним кат менен башканын ордуна добуш берүүдө. Маселе мыйзам менен чечилбейт. Андыктан добуш берүүдө компьютерлерди манжалардагы маалымат менен ачыла турган кылуу керек", — деди депутат.

Бокоев ар бир депутат өзү үчүн гана добуш бериши керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Бекешев: депутаттардын кесиптештери үчүн добуш берүүсүн тыюу керек
Белгилер:
добуш берүү, Жогорку Кеңеш, Кенжебек Бокоев

ЭҢ МААНИЛҮҮ