Бечелов: Ошто жыл башынан бери мас болуп унаа айдагандардын үчөө каза болгон
Ош ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечеловдун айтымында, жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 242ни түзгөн. Ал эми жашы жете электердин катышуусунда 32 жол кырсыгы катталып, 37 бала ар кандай жаракат алган.
"Ош облусу боюнча Кайгуул милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 14 129 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен спирт ичимдигин ичип унаа башкаргандардын саны 267ге жеткен. Белгилей кетсек, спирт ичимдигин ичип жол кырсыгына кабылган беш учур катталып, үч киши каза болгон. 16 киши түрдүү жаракаттарды алган", — деди Бечелов.
Ош облусу боюнча Кайгуул милиция бөлүмү жол кырсыктарынын алдын алып, алардын санын азайтуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.