Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Полковник Айдаркулова: Ошто милиционер айымдар окуудан өтүп жатышат

© Фото / Зульфия ТургуноваМилициянын полковниги Кана Айдаркулова
Милициянын полковниги Кана Айдаркулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк аймактагы облустардагы 80 милиционер айым Ош шаарына чогулуп экстремизм, терроризм боюнча атайын окуудан өтүп жатышат. Милициянын полковниги Кана Айдаркулова семинар төрт күнгө созуларын билдирди.
Полковник Айдаркулова: Ошто милиционер айымдар окуудан өтүп жатышат

Анын айтымында, аталган иш-чара Ички иштер министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

"Мындай семинарлар тартип коргоо органдарында иштеген аялдарга кызматынан жогорулоого, ыкчам тергөө жана аналитикалык иштерге байланышкан кызматтарга дайындалууга жол ачат", — деди Айдаркулова.

Ал ошондой эле катышуучулар лидерлик сапаттарын жогорулата алышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0