20:03 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2800
  • EUR78.6381
  • RUB1.0704
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынованын архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба министерства образования КР

Чыкынова: мектептерге бейтааныш адамдарды киргизүүгө тыюу салынат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
7610

Окуучу, мугалим жана ата-эне ортосунда тарбия иштерин күчөтүү максатында билим берүү жана илим министрлиги тарабынан инструктивдүү методикалык кат иштелип чыккан.

Мектептерге бейтааныш адамдарды киргизүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова билдирди.

"Окуучунун сабакта жок болгондугу класстык журналда сөзсүз түрдө жазылып, класс жетекчи анын себебин тез арада билип, ата-энесине маалымдоо керек. Себепсиз сабакты үч күн калтырса, ата-энеси мектеп жетекчисине кайрылыш керек же медициналык справкасы болушу зарыл. Класс жетекчиде ар бир окуучу боюнча толук маалымат — алардын жашаган дареги, телефону, ата-энесинин телефону болушу керек. Ошондой эле мектепке бейтааныш адамга кирүүгө тыюу салынат. Эгер ал мектептин коопсуздук кызматын кармоого каражаты жок болсо, нөөмөттө турган администратор же мугалим көзөмөлдөп турушу абзел", — деди Чыкынова.

Ал ошондой эле окуу-тарбия берүү иштери мыйзамдын негизинде, демократиялык жолдо, баланын кызыкчылыгын жана укугун көздөгөн тартипте болушу керектигин белгиледи.

Тема боюнча

Формасыз же кечигип келген окуучуларды сабакка киргизбей коюуга тыюу салынды
Белгилер:
мугалим, окуучулар, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ