22:24 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Интеллектуалдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Гүлбар Кудайбердиеванын архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба "Кыргызпатента"

Кудайбердиева: Кыргызпатент ойлоп табуучуларга сынак жарыялады

Радио
Кыскача шилтеме алуу
17220

Интеллектуалдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматы коомдук уюмдарга, мектеп окуучуларына, жалпыга маалымдоо каражаттарына, жеке ишкерлерге, университеттер менен мектептерге сынак жарыялады.

Аталган мамлекеттик кызматтын маалымат катчысы Гүлбар Кудайбердиеванын айтымында, сынак менчиктин ролун жана маанисин түшүндүрүү максатында уюштурулууда.

"Конкурс "Акыл табылга", "Канатташ", "Интеллектуалдык өнөктөштүк", "Келечек жаратманы" жана "Мыкты бренд" номинациялары боюнча өтөт. Эмгектер 20-мартка чейин кабыл алынат", — деди Кудайбердиева.

Кыргызпатент аталган сынакты ойлоп табуучулар менен өндүрүшчүлөрдү шыктандыруу максаттында ишке ашырууда.

Катышуучулар эмгектерин nomination@patent.kg электрондук почтасына жибере алышат.

Тема боюнча

Өспүрүмдөрдүн өзгөчө ойлоп табуулары
Белгилер:
ойлоп табуу, сынак, Кыргызпатент, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ