21:34 24 Бугу 2017
Түз эфир
Мамлекеттик комитетинин маалымат катчысынын милдетин аткаруучу Рыспек Токтоналиевдин архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользованиям

Рыспек Токтоналиев: көмүр кенин иштетүүгө жана чалгындоого 316 лицензия берилген

Радио
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Берилген уруксат кагаздарынын саны жума сайын өзгөрүп турат.

Былтыркы жылы республикадагы көмүр кенин иштетүүгө жана чалгындоого 316 лицензия берилген. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысынын милдетин аткаруучу Рыспек Токтоналиев билдирди. 

"Учурда кен иштетүүгө жана чалгындоого эки минден ашык лицензия берилген. Анын ичинде көмүр кендерине байланыштуу 316 лицензия тапшырылган", — деди Токтоналиев. 

Анын айтымында, уруксат кагаздарынын саны жума сайын өзгөрүп турат. Анткени берилген лицензиялар жокко чыгарылып жаңылары бериле берет.

Белгилер:
лицензия, көмүр кени, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ