Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Матазимов: Алай менен Сузактын элине коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилди

© Фото / Зульфия ТургуноваНачальник мониторинга по МЧС Искендер Матазимов
Начальник мониторинга по МЧС Искендер Матазимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү адистери Алай менен Сузак райондорунда жер көчкү жүрүү коркунучу жаралгандыктан андагы тургундарды коопсуз жайга көчүүгө үндөдү.
Матазимов: Алай менен Сузактын элине коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилди

ӨКМдин мониторинг бөлүмүнүн башчысы Искендер Матазимов жер көчкүнүн активдешүүсү жаз мезгилине туура келиши ыктымалдыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

"Адистер Алайдагы кооптуу аймактардан 22 үй-бүлөнү көчүрүп чыгаруу сунушун берди. Ал эми Сузактагы Жалгыз-Жаңгак айылында жер көчкү 1990-жылы активдешип, 1996-жылы 16 үй-бүлөнү ал жактан чыгаруу сунушу берилген. Үй-бүлө ээлерине көчүү үчүн мамлекеттик жардам берилген. Айрымдары жарым жартылай жардам алышкан. Бирок тилекке каршы көчүп кетишпей жашоосун улантып келишет", — деди Матазимов.

Адис жер көчкү коркунучу тууралуу жарандарга эскертүү каттары айыл өкмөттөргө даярдалып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0