01:08 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3076
  • EUR78.9465
  • RUB1.0737
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева
© Sputnik / Жоомарт Ураимов

Гүлнара Тойгонбаева: "Асылзат" эмес, "аялзат" деп ырдамакмын

Радио
Кыскача шилтеме алуу
88 0 0

"Асылзат" ырынын сөзү белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго, обону өзүнө таандык. Чыгарма көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап келет.

Айымдарды даңазалаган "Асылзат" чыгармасы алгач "асылзат" деп аталмактыгын Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева маектешип отурганда айтып берди.

Эскерте кетсек, аталган чыгарманын сөзү белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго, обону өзүнө таандык. 

"Белгилүү орусиялык ырчы Ирина Понаровскаянын "Женщина" деген ыры бар болчу. Радиодон курбум, композитор Райкан Бейшеналиева экөөбүз "У женщины красивая любовь, у женшины красивые глаза" деген саптарын угуп жактырып калганбыз. "Асылзат" Райкан экөөбүздүн ортобуздан жаралган ыр. Акын Кыялбек Урманбетовго сөзүн жаздырдым. Негизи асылзат деген жерин аялзат деп ырдамакмын. Анан агай "асылзат деп ырдасаң кандай болот" дегенинен макул болдум. Аранжировкасын Райкан Бейшеналиеванын жолдошу Эрик Кадырбаев жасап берген", — деди ырчы айым.

Гүлнара Тойгонбаева менен болгон кызыктуу маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот>>

Тема боюнча

Гүлнара Тойгонбаева: кызым Күнай сырдашканга жарап калды
Белгилер:
ырчы, Гүлнара Тойгонбаева
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ