07:40 22 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Кумтөр жайлоосунда ээн-эркин жүргөн аркар-кулжалар жөнүндөгү видео Facebook социалдык тармагына жүктөгөн Сардар Дүйшөмбиев
© Фото \ Сапар Абдыраев

Сардар Дүйшөмбиев: курал колдонбосок жаныбарлар адамга жакын болчудай

Радио
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

Кумтөр жайлоосунда ээн-эркин жүргөн аркар-кулжалар жөнүндөгү видео Facebook социалдык тармагына жүктөлгөн. Анын автору Сардар Дүйшөмбиев көздүн жоосун алган жаныбарларды ал аймактан көп көрөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Дүйшөмбиев өзү "Кумтөр" кенинде эмгектенет. Анын айтымында, Кумтөр жайлоосунун аймагынын бир тарабы Сарычат-Эрташ коругуна тиешелүү болгондуктан, мында аркар-кулжалар жакшы сакталып калган. 

"Жумушума байланыштуу тескей Ала-Тоонун Кумтөр өрөөнүндөгү Ара-Бел суусунун жээгине көп барабыз. Көпчүлүк учурда аркар-кулжа, түлкү, карышкырларды көрөбүз. Шартыбыз болгон учурда видеого тартып калабыз. Курал колдонбосок эле, жаныбарлар адамга жакын жүрө берчүдөй. Тоолордо ушундай жаныбарлар жүрсө биртоп кооздукту жаратат экен", — деди Дүйшөмбиев.

Анын айтымында, Кумтөрдүн аймагында карышкыр, түлкү сыяктуу жаныбарлар көп.

Тема боюнча

Кумтөр жайлоосунда ээн-эркин жүргөн аркар-кулжалардын видеосу
Белгилер:
аркар, видео, Кумтөр