Ишембиге карата аба ырайы

© Фото / Pixabay/ joaocampanholoЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
14-августта өлкөнүн көпчүлүк райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир аймактарда секундасына 10-15 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ишембиде кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +20…+25, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын аймагында +19…+24 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +28…+30, Чолпон-Атада +18…+20 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0