Кыргызстанда кылмыш жасоо көбөйүүдө. Адам өлтүрүү фактысы 26 пайызга өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Январь-июнда республика аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери кылмыштуулуктун саны кескин өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын берген маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, январь-июнда өлкө аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн. Ал эми жоруктардын саны 12 миңге жетип, былтыркыдан дээрлик 30 пайызга өскөн.

Кыргызстандагы кылмыш көп катталган аймактар 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Кыргызстандагы эң криминалдашкан аймактар. Жаңыланган рейтинг
Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (61 пайызы) Бишкек шаары менен Чүй облусунда жасалганы белгиленет. 2 миңден ашыгы же 11,6 пайызы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген.

Түрлөрү боюнча жеке менчикке каршы кылмыш көбөйгөн. Былтыркыга караганда 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо - 1,5 эсеге, тоноо 24,5 пайызга жогорулаган.

Адам өлтүрүү 26, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу 34, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 6 пайызга көбөйгөн.

Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары 2,2 эсеге жана паракорлук 1,4 эсеге өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0