Күн адаттан тыш ысыйт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Министрлик аптап маалында сыртта көп жүрбөөнү сунуштап, сак болууга чакырды. Абанын температурасы 36дан 41 градуска чейин жетет.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 4-июлдан 8-июлга чейин ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөрүн айтып, шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36-38 градуска чейин жогорулайт.
Ал эми 7-8-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39-41 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 37-39 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
ӨКМ аптап маалында сыртта көп жүрбөөнү сунуштап, сак болууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0