Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБутылкадан суу ичип жаткан кыз. Архив
Бутылкадан суу ичип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы мүмкүн.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өрөөндөрдө күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Таласта +27...+32, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +21...+26 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +31...+33 градуска жетсе, борбор калаада +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0