Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
5-мартка караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, карга айланат. Күндүн табы борбордо +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0