Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Эртең өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында кар жаабайт. Анткен менен айрым жерлерге туман түшүп, тоңголок болору кабарланды.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ачык болуп, кар жаабай тургандыгын синоптиктер кабарлады. Бирок айрым аймактарды туман каптайт.
Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -13…-18, күндүз -2…-7, Талас аймагында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…+4 градус болот. Туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында термометр түнкүсүн -5…-10ду, ал эми күндүз -1…+6 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5 градустун тегерегинде болот.
Ал эми Нарында түнү суук катуу болуп, -20…-25 градуска жетет. Күндүз салыштырмалуу аяздын каары азайып, термометр -5…-10 градусту көрсөтөт.
Ордо калаа Бишкекте түнкүсүн -14…-16, күндүзү -3…-5, Ош шаарында түнкүсүн -8…-10, күндүз +4…+6 градус болот.
Синоптиктер бардык аймактарда жолдор тоңуп, тайгалак болорун эскертишти.
Эртең эң жылуу аба ырайы Ош шаарында (+6 градус), ал эми эң суук температура Нарындын тоолуу аймактарында катталып, тагыраагы, -25 градуска чейин жетери айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0