Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл жергесинин кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 28-декабрь, дүйшөмбүдө, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кээ бир райондордо туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...+2, Талас менен Баткен аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө -2...+3, Нарын жергесинде -7...-12 градуска төмөндөйт.

Бул күнү термометр Бишкекте 0...-2, Ошто +1...+3 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0