Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
17-ноябрга караган түнү Чүй, Талас облустарынын кээ бир аймактарында жана Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Шейшемби, 17-ноябрда, күндүз Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүн табы Чүй, Талас өрөөндөрүндө -1...-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында +2...+7, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градус болору айтылды.

Ал эми борбор калаада түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +1...+3, ал эми Ошто +6...+8 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0