Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТоо этегиндеги жылкылар. Архив
Тоо этегиндеги жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектериндеги айрым райондордо үшүк жүрүшү ыктымал.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 20-сентябрь, жекшембиде, өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас жергесинде +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +15...+20 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +24...+26, ал эми Ошто +25...+27 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0