Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖаркая погода в Москве
Жаркая погода в Москве  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-августта республиканын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. 16-августта күндүз өлкөнүн тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...+36, Талас жергесинде +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +23...+28 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0