Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болуп, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго мөндүр жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. 5-майда эртең менен жана күндүз республика боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө жаан-чачын катуу болуп, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда мөндүр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18…+23, Талас менен Нарында +16…+21, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +20…+25 жана Ысык-Көлдө +17…+22 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү жана Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Күндүн табы борбор калаада +21…+23 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +23…+25 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0