Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖаратылыш. Архив
Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу райондордо күрткү жаралат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ишемби күнү, 7-мартта, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...+4, Талас жергесинде -2...+3, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1...+6, Ысык-Көл аймагында -3...+2 градус, ал эми Нарында суук өкүм сүрүп, термометрдин көрсөткүчү -1...-6 градуска чейин төмөндөйт. 

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаап, күндүн табы +1...+6 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0