Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.  Жолдор тоңуп, тайгак болуп, тоолуу райондордо күрткү жаралат.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жума күнү, 28-февралда, күндүз Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл жергесинде +1…+6 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында термометрдин көрсөткүчү -3…+2 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +8…+10, Ошто +9…+11 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0