Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенный парад под дождем в Бишкеке
Военный парад под дождем в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу өрөөндөрдө жолдор тоңголок жана тайгак болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 23-февралда, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында Ош, Ысык-Көл, Нарын жергелеринин кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз республика боюнча күн ачык болот.

Бишкек мэриясынын Жашыл чарба муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жолдошева: Бишкекте гүлдөр азайтылып, көк майсандын аянты кеңеет
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас жергелеринде +7…+12, Ысык-Көлдө +3…+8, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +12…+17 градус жылуу болсо, ал эми Нарында -2…-7 градуска чейин суук болот.

Бишкек шаарында жаан карга айланышы мүмкүн, Ош калаасында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада күндүн табы +9…+11 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +14…+16 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0