20 градус жылуу болот! Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер 9-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй турганын билдирди. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 9-февралда, күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15…+20, Талас жергесинде +12…+17, Ысык-Көлдө +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15…+20 градус жылуу, ал эми Нарында 0…-5 градус суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +17…+19, Ошто +18…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0